Дыйкан базарга кеткен жолдун казылышына нааразы болгон соодагерлер бүгүн каршылык акциясын өткөрүшөт

Бүгүн Дыйкан базарынын соодагерлери Москва-Фучик көчөсүнүн кесилишинде нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына соодагер Гуля Курамаева билдирди.

"Дыйкан базарын жабуу максатында Дыйкан базарга кеткен жолду Москва көчөсүнөн баштап кубаттуу техникалар менен Ленин райондук администрациясы бир тараптуу казып таштады. 3 миңден ашуун соодагерлердин тагдырын ойлобогон район акими базарды жабуунун ар кандай жолун ойлоп жатат. Буга чейин базардын санитардык абалы талапка жооп бербейт деген шылтоолорду айтып келген. Эми минтип жол, көпүрө курабыз деген жүйөөнү карманып жатышат. Буга каршы болгон эл 3 күндөн бери жолдун экинчи тарабын казып салбасын деп каршылык кылып жатабыз. Бүгүн дагы 100дөн ашуун адам каршылык акциясына чыгабыз", - деп билдирди Курамаева.

Эске салсак, буга чейин Дыйкан базарынын соодагерлери бир канча жолу митингге чыгып, базардын жабылышына нааразычылык билдирип келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akshumkar
2017-03-15 10:01:02
Базарды жапканы туура эмес, бирок жолду ондогону туура. Негизи чындыкты айтсак дыйкан базарын башка жака кочурсо жакшы болмок себеби ото эле ынгайсыз жолдору тар тыгын ото эле коп болот. бул жерде иштеп жаткандардын шартын карап башка жерди даярдап базарда соода кылгандардын оюн угуп туруп жапса болмок. Булар деле бала-бакыра кор тирлик менен алектенип жатса.
+2
Seryi-Kardinal
2017-03-15 11:02:23
koch degende kochkulo da
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан