Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн каза болгондордун аты-жөнү (тизме)

Бүгүн, 28-мартта Бишкек-Ош жолунда кар көчкү тушүп, 3 унааны басып калган. Унаалардын биринде Транспорт жана жолдор министрлигинин 4 кызматкери болгон. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

"Министр Жамшитбек Калилов, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары жана кызматкерлери каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат", - деп жазылган министрликтин маалыматында.

Каза болгондордун тизмеси:

1. 1972-жылкы Анарбек Момуналиев Рапитбаевич - Ниссан Пикап унаасынын айдоочусу.

2. Нурбек Орунбеков - жүктөгүчтүн оператору.

3. 1969-жылкы Султангазы Жапаркулов Фронтбекович - жол кызматкери.

4. 1996-жылкы Курсант Акчабай уулу - жол кызматкери Акчабай Мураталиевдин уулу.

"Бул унаадан тышкары Субари Легасинин ичиндеги 1 айдоочу жана 2 жүргүнчүгө Токтогул райондук ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп кошумчалашкан министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Atas
2017-03-28 10:51:48
Joldun boiundagy kochku tushchu toolordu atkylap tazalash kerek , kochkulor kanchalagann omurlordu aldy
+3
BakaiJ
2017-03-28 10:54:30
Булар дагы эми өздөрү күнөөлүү болуп чыкпаса болду.
-9
Nendi15
2017-03-28 11:47:16
Эл башчы ичпей митингдерди кылдырбаганга аракет кылып жакшы иштесе мынчалык өлүм житим болбойт эле. Жаткан жерлери жаннаттан болсун! Кыргыз элине күйүмдүү, эл жерин сактаган жана экономиканы көтөргөн патриот уулдарыбыз Эл башчыга келсин. Оомиийн...
+6
beilis
2017-03-28 11:54:08
Нурбек сенин жаркын элесинди унутпайбыз. жаткан жеринер жайлуу болсун...
+1
RaHat19
2017-03-28 20:03:32
Жаны жанатта болсун уй булолоруно жакындарына терен кайгыруу менен конул айтамын
+2
aijamal.bakytovna
2017-03-29 19:21:08
Курсант классташтарын сенин жаркын элесинди эч качан унутпайт! Аллахым жайынды жаннаттан берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан