Бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 00:55те Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында куткаруучулар кар көчкүнүн астынан №23-жол-эксплуатациялоочу башкармалыгына таандык Тойота Пикап унаасын алып чыгышкан. Анын ичинде 4 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Андан сырткары кар көчкүнүн астынан 3 жүргүнчүсү (1 эркек, 2 аял) менен Лексус унаасын алып чыгышкан. Алар жабыркаган эмес. Саат 02:30дар чамасында ӨКМнын куткаруучулары Субару Легаси унаасын табышкан, анын ичинде 1 аял, 2 эркек болгон. Алардын бири 1990-жылкы айдоочу В.А., 1993-жылкы М.Б. аттуу аял, 1994-жылкы А.Н. аттуу бала. Алар ооруканага жеткирилишти", - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан куткаруу иштерине 52 куткаруучу, 5 техника тартылып, кырсык болгон жерге министр Кубатбек Боронов чыгып кеткени белгилүү болду.