Бишкек-Ош жолунда кар көчкү астында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам чогултууга эсеп ачылды

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн каза болгон Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 27-марттан 28-мартка караган түнү Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында кар көчүп, жумуш боюнча жүргөн кызматкерлердин унаасын басып калган. Жыйынтыгында 4 адам каза болгон.

Каза болгондордун тизмеси:

1. 1972-жылкы Анарбек Момуналиев Рапитбаевич - Ниссан Пикап унаасынын айдоочусу.

2. Нурбек Орунбеков - жүктөгүчтүн оператору.

3. 1969-жылкы Султангазы Жапаркулов Фронтбекович - жол кызматкери.

4. 1996-жылкы Курсант Акчабай уулу - жол кызматкери.

"Жогорудагы белгиленгендердин артында үй-бүлөлөрү, ата-энелери, жубайлары жана балдары калды. Каза болгондордун баары жөнөкөй жумушчулар болчу. Алар аба ырайынын бузулганына карабай, өз жумушун аткарып жүрүшкөн. Жакындарына жардам берүү максатында министрлик атайын эсеп ачты. Ар бир каалоочу материалдык жардам көрсөтө алат", - деп жазылат маалыматта.

Эсептик номер:

Алуучу: Иманбай Ажыкулов Казакович (ишеним көрсөтүлгөн кызматкер).

БИК: 129037;

Эсептик счёт: 1290373480000042;

Кардардын эсеби: 03702417348201000127

Токтогул шаарындагы "РСК Банк" ААКы.

"Министрликтин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын эсепке которсо, жол кызматкерлери жерге берүү зыйнатынын жоопкерчилигин өзүлөрүнө алышты", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
KGstan1981
2017-03-29 12:27:35
Жайлары Жанатта болсун!Бирок мультимиллионердин бийлиги элден акча топотоонун жаны ыкмасын тапкан окшойт.Баштап Дача Суудагыларга элден чогулган 100млн сомду таркатып бергиле.
+6
nurik11-29
2017-03-29 12:41:59
жайлары жаннаттан болсун!!мамлекеттик кызматкер болсо ,мамлекет толоп берсин кайдагы эсеп,оз колун менен бербесен ишенич жок бирда!!кудайдан коркпогон жуткучтар жолдон уруп кетип атпайбы!!
+2
uncomment
2017-03-29 12:52:06
Эсеп ачканды адат кылып алганго
+4
Rasul94
2017-03-29 13:09:04
ажобуз ырдабай эле койбоптур.ыры кандуу болду.бул жагы жакшы болсун эми
+3
Parish
2017-03-29 13:26:57
жабыр тарткандардын оздоруно эле счет ачып,оздоруно. которуш керек.
+3
gulmira12345
2017-03-29 13:31:08
жайы жаннаттан брлушсун элди жон койгулачы айнанайын эл зорго жашап жатса
+3
gulmira12345
2017-03-29 13:32:46
эл силерге саан уйву
+3
solntse95
2017-03-29 14:29:19
Уйронуп алышты бийликтегилер, бир нерсе болсо эле эсеп ача коюп. Эртен Бир депутат каза болсо, ага да эсеп ачып койгула эми.
+2
etaj_rus79
2017-03-29 14:45:12
жайлврын жаннатан болсун эми ...дача суудагыларга тоатолгон акчаны неге болуп бербей атышат..мчс ишеничтен чыгатко минтсе эми эл топтобой койот чиновниктерибиз жеп алса
+3
maks83
2017-03-29 15:06:07
бейиштен берсин! Окмот уят уят эмненер окмот? Эсеп ачылды деп эле бир кундук эмгек акынарды кааласан каалабасан да бересинер дейсинер аны элдин баары билет
+2
Nazikbaigazy
2017-03-29 19:54:15
Иии шерменде жанынды эле кашайтат, казынадагы акчадан берип койбойсунбу, элден тонобой, эмне элинди миллион айлык берип багып жатасынбы, элге эсеп ачкыдай, ошол каза болгон 4 адамга каражытынар жетпей жатат деген эмне деген шумдук, бетим ий бетим, уят уят уят, башка олко укпасын
+2
Kroxa
2017-03-29 21:10:12
Каза болгондордун уй-булоосуно ар кимисине озунчо счет ачып бергиле,,оздоруно которулса соонун болот,,мамлекттин болуп бермеги тозок го...министирликке которулган акча эмгиче болунуп берилбей калды..
+1
bakulya2015
2017-03-29 23:05:17
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Уят эле оздору жардам бериштин ордуна элге акча чачып койгонсуп дагы элден топтомой башталдыбы? Жардам аябайбыз колдон келсе бирок,оздоруно которо турган кылса болмок,ошондо жакшы болот эле. Негизи 120 бекерчилерден алсада болмок аларда бекер акчалары коп эл айлык толойтго аларга. Акчаларды топтоп не кылышат экен а тооба учактагы кырсык акчасы кайда?
+1
Ulan2601
2017-03-30 06:05:18
Баарибир бербейсинер чогулткан менен
+1
Bubu88
2017-03-30 07:11:30
Бул журушто эч ким чогултпайт го шейит кеткендердин бейишин берсин Кудайым жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Эми мындай карасан айыкпас ооругандар, күйөөгө тийип күйөөсү таштап кеткендер, үй жайсыз калгандар, күйөөсү жок кичинекей балдары мн үстүнөн тамчы өткөн үйдө калган жалгыз бой энелер, кырсыкка кабылгандар, керек болсо аты таанылган инсандардан бери элге суйонуп алышты окшойт. Бирдеме болсо эле счёт ача коюшуп. Хотя Атамбаев жардам берип келе жатат алынын жетишинче. Өтө өкүнүчтүү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан