Бүгүн, 8-майда Бишкек ШИИББинин кызматкерлери согуш ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты. Иш-чаранын башында согушта курман болгондорду эскеришти. Ал эми ардагерлерге миң сомдон акча берилип, белектер таратылды. Андан соң ардагерлер жайыл дастаркондун үстүндө Бишкек ШИИББинин кызматкерлери менен биргеликте тамактанышты.