Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, согуш талаасында бекемделген кыргыз-казак мамилелери мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бекем негиз болоруна ишенерин айткан казак президентинин куттуктоосунда булар жазылган:
“Учурдан пайдаланып Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду айтып, узак өмүр, чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм”.