Баткен. 5 килограмм баңгизат менен тажик жараны кармалды

Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан баңгизат алып жүргөн тажик жараны кармалды. 26-апрель күнү саат 18:30 чамасында Баткен районунун Самаркандек айылындагы базардан оперкызматкерлери 30 жаштагы А.З.аттуу тажикстандык жаранды кармашып, жанынан 5 килограммга жакын апийим табышкан. Ушул эле күнү ОИИБинин кинология борборундагы Бим аттуу иттин жардамы менен Самаркандек - Шураб унаа жолунун боюна атайын жашырылган 19 килограмм баңгизат табылды. Жогорудагы фактылар боюнча бүгүнкү күндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан