Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Сотто видеотасмага тартууга уруксат берилген жок. SUPER.KG порталы соттун жүрүшүн аудио форматта чагылдырмакчы.
Эскерте кетсек, кечээ 4-июлда күбө катары "Мегакомдун" учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов жана күбө Максим Сидоренко суралган. Ошондой эле SUPER.KG порталынын түз эфиринде соттук отурумдун жүрүшү, Текебаев менен Чотонов кантип жана кандай, эмнелердин негизинде соттолуп жаткандыктарын түшүндүрүү үчүн жактоочулар жана прокурорлор келип маек беришкен.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү. Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.
Текебаев менен Чотоновдун кезектеги соттук отуруму (аудио)
Каза болгон күбөнүн аялынын көрсөтмө беришине жактоочулар каршы болушту (аудио)
Өмүрбек Текебаев прокурор менен сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү (аудио, видео)
Сот Текебаевдин өзүнө карата көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк өтүнүчүн канааттандырган жок (аудио)