Сот Өмүрбек Текебаевге жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир күн убакыт берди

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө Текебаевдин жактоочулары айыпталуучуга жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир күн убакыт сурап сотко кайрылышты. Сот тараптардын пикирин, отурумду 10-августка жылдырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
hebo90k
2017-08-09 10:22:27
Текебаев-кыргыз демократиясынын жузу. Мен толук ишенем,Омурбек мырза озун коргой алат. Ушул инсанга да Жаратканым ажолукту насип этсе экен. Ошондо чын эле эл учун куйобу же жон гана сайрап журобу билинер эле
+3
Melis2014
2017-08-09 10:37:55
Жаны бийлик келмейинче алкаштын бийлиги Текени чыгарбайт еми кыргыз ели ууланып атат деп сайраган Садырды камап салды сооторго кыргызстандын келечеги барибир кумтордогу зыянды билип туруп билмексен болушат
+4
jbolotov
2017-08-09 11:42:20
Текебаев акыркы жылдары ото текеберленип суйлоп калган эле. Сессияда кайсы бир агенттиктин чону отчет берип атып "Кудай буйруса болот" десе Текебаев: Качан кудайын буйруйт? дегенин уккам, эми озу Кудай буйруса чыгам деп кудайдан тилек кылса чыкса керек.
0
Aidani
2017-08-09 13:31:28
Чыгып эле кетсе олдун Аташка
0
Sultanmatievkg
2017-08-09 13:40:20
Теке чыкса.баардыгын ХХХХ АШАны башкылып
0
jbolotov
2017-08-09 14:05:52
Теке чыкса эмне кылмак эле? И так чыгат, болгону кылмыш иши болгондуктан президенттике катышаалбай калат. Ушундай эле кыйраткыч болсо 2010 жылдан бери неге кыйратбады? Озу айтмакчы серый кардинал (жашыруун башчы)мын деп мактанатко.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан