Өмүрбек Текебаев: "Самсонкина, Кутуковдорду да сотто камсыздап, ар түрдүү чыгып жаткан көрсөтмөлөргө аныктама киргизишибиз керек"

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу сотко күбөлөр Жуков, Абдрахманов, Бакировсуз кароо өтүнүчүн келтирди.

Ал эми жактоочулар сотто көп күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү карама-каршы жана өзгөрүп жатканын эске алып, күбөлөрдү камсыздоо шарт экенин айтышты. “Жуков, Абдрахманов, Бакиров булар Кыргыз жеринде эле. Маевскийди Лондондон алып келип жатабыз. Сотто күбөлөр камсыздалышы керек”, - деди жактоочу Хасанов.

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев болсо “мен жактоочулардын сунушун колдойм. Жуков, Абдрахманов, Бакиров, Самсонкина, Кутуковду да сотто камсыздап, ар түрдүү чыгып жаткан көрсөтмөлөргө аныктама киргизишибиз керек” деди.

Сот мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, Орусиянын жарандары Самсонкина, Кутуков Кыргыз мамлекетинде болбогондуктан алардын көрсөтмөлөрү менен тааныштырды.

Айта кетсек, Самсонкина жана Кутуков Маевскийдин кызматкерлери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан