Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Саат 14:00дө баштала турган соттук отурум бүгүн эле 2 ирет жылдырылды.
14:30 Жактоочулардын бири Искен Афиджанов башка процесске катышып жаткандыгына байланыштуу сотко билдирүү берген. Жактоочу Чынара Жакупбекова Афиджановду күтүү боюнча өтүнүч берди. Бирок прокурорлордун өтүнүчү менен сот четке какты.
14:35 "Менин саат 2де Октябрь райондук сотунда соттук процессим бар болчу. Барсам сен Текебаевдин сотуна бар деп ишти жылдырып салды. Азыр саат 3тө да бир ишим бар. 4:30да дагы бир процесс бар. Мындай болбойт да башка адамдардын да убактысын, укугун сыйлашыбыз керек", - деди жактоочулардын бири Канат Хасанов.
14:45 "Бул адвокаттардын эле укугу эмес, менин дагы укугум, бүтүндөй сот процессине да таасири тие турган нерсе. Башка сотторго Текебаевдин иши каралсын деп ким тапшырма берет? Көп жылдан бери иши каралбай жаткан адамдардын укугу тебеленип жатат. Менин ишимде кылмыштын оордугу деген негиз каралууда. Күбөлөрдү коркутуп же мен качып кетишим мүмкүн деп жатасыңар. Келбей деле койсом болот эле. Келдим, качып кетпешимди далилдедим. Мен мамлекеттеги эң чоң кызматтагы адаммын. Бүгүнкү бир күн шайлоо кампаниясынын жыйынтыгын аныктайт. 30 жыл шайлоого катышкан адам катары айтам. Бүгүн дагы соттордун ишин артка кайрылып Текебаевдин ишин бүтүргүлө дегениңер сотту тездетип, БШКга катталганга мүмкүнчүлүк бербөөгө аракет кылып жатасыздар. Башка иштердин баарынын токтотулуп калышы кулагы көрүнгөн саясий акция деп айтам. Ишти кийинкиге калтырсаңар бир жума, эки жума графигин тактап коюп ошого карата чечим кабыл алсаңар", - деди Текебаев.
14:50 Текебаевдин жактоочусу Хасанов сот залында видео жана сүрөткө тартууга уруксат берилбегенин айтып, "бүт сот процесстердин видеожазуусун бизге бериңиз" деген өтүнүч берди. Тараптар бул өтүнүчкө каршы болгон жок. Бирок сот залындагы видеокамералар кандай тартипте иштешин, видео жазуулар кайда сакталарын билбегенин айтып, бул суроого жооп бере албай турганын айтты.
14:51 Ушул тапта Дүйшөнкул Чотоновдун бир жактоочусу башка соттук процесске катышуу үчүн кетти. Мындан улам жактоочулар отурумду башка күнгө калтыруу өтүнүчүн киргизишти.
14:54 Текебаев кылмыш иши боюнча материалдардын текстинин кыргызча үлгүсүн берип, бул иш кыргыз тилинде каралышын сурады. Бирок прокурор тергөө орус тилинде жүргүзүлгөндүгүн эске алып, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну соттон сурады.
14:58 Соттук отурумда айыпталуучулар менен жактоочуларга 7 томдук материал берилгени айтылды. Ал эми судьянын колундагы материал 8 томдук болуп чыкты. Айыпталуучулардын жактоочулары тергөө материалдарына кошулган 8-том менен таанышууга убакыт сурап жатат. 5 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.
15:12 Жактоочулардын өтүнүчү менен 8 томдук материал менен таанышуу үчүн 1 сааттык тыныгуу жарыяланды.
16:26 Текебаев менен Чотоновдун бүгүнкү соттук отурумунда жактоочулар тарабынан суралган 1 сааттык убакыт соңуна чыкты. Жактоочулар иш менен толук таанышып чыгууга жетишпегендигин айтып, соттон дагы кошумча убакыт сурашты. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, бүгүн кечке иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Соттук отурум эртең, 22-июнда саат 09:30да уланмакчы болду.