16:21. Жогорку Сотто 15-июнда Өмүрбек Текебаев менен бирге айыпталып жаткан мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы боюнча соттук отурум өтүүдө. Айыпталуучуларды сот залына алып келишкен жок. Жактоочулар отурумду ачык өткөрүүгө өтүнүч келтиришип, судья канааттандырды.
Эскерте кетсек, 14-июнда Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттануу менен кайрылышкан.
16:29. Мамлекеттик айыптоочулар Чотонов менен бирге Текебаевдин да баш коргоо чарасын кароо өтүнүчүн келтирип, судья канааттандырды.
16:35. Чотоновдун жактоочусу: "Тергөө аяктады, сот жүрүп жатат. Тергөө иштерине тоскоолдук жарата албасына, туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү, балдары бар экенине, мурда соттолбогонуна карабай шаардык сот Чотоновду камакта калтырды".
16:37. Жактоочу айыпталуучу Чотонов боюнча шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү өтүндү.
16:41. Текебаевдин жактоочусу: "Бүгүн шаардык соттун чечими боюнча Чотоновдун баш коргоо чарасы каралышы керек. Жогорку Сотко Чотоновдун жактоочулары даттанган".
16:44. "Мамлекеттик айыптоочулар ишти өтө тездик менен чечип, 12-июнда иш эки ирет каралган. Бүгүн да Текебаевдин жактоочулары сотко чакырылган эмес. Кокустан угуп келип калдык", - деди жактоочу.
16:53. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова бүгүнкү соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Муну Чотоновдун жактоочулары да колдоду. Судья өтүнүчтү карап жатат.
16:59. Судья соттук отурумду 16-июнга саат 14:00гө жылдырды. Текебаевдин жактоочусу 16-июнда башка сот процесси бар экенин айтты. Бирок судья пикиринен кайткан жок. Бүгүнкү соттук отурум бүттү.
Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды