Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумунда жактоочулар жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу жараянды токтотууну талап кылышты. Бирок сот жарыш сөз бүтүшүн күтөрүн жана отурумду жаппай турганын айтып, жактоочулардын талабын аткаруудан баш тартты.
Жактоочу Искен Афиджанов: “Бул кыйноо, кечээ булар соттон кеч барып кечки тамакты да ичпей калышкан. Бүгүн жумуш убактысы бүттү. Сиздин ушул аракетиңизден бул иш саясий процесс экенин көрүп жатабыз”, - деп сотко кайрылды.
Башка жактоочу Канат Хасанов Эмгек кодексине ылайык сот процессине катышып жаткан бардык тараптардын укугун тебелеп жатканын айтты. “Сиз бул жерде бардык тараптын укуктарын бузуп жатасыз, жоокерлер залдагы адамдардын баары жумуш убактысынан тышкары бул жерде отурууга аргасыз болуп жатат. Эмгек кодексине ылайык, жумуш убактысы саат 18:00дө бүтөт”, - деди Хасанов.
Жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев саат 18:00дө дары-дармек ичиши керектигин айтып, дарылар тергөө абагында калганын белгиледи. Мындан улам ал сотту токтотуу керектигин айтты.
Бир канча талаш-тартыштан кийин сот бир саат тыныгуу жарыялап айыпталуучу Чотонов менен Текебаевге кечки тамакка барып келүүсүнө убакыт берди. Соттук отурум кечки саат 19:30да уланмай болду.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.