Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. (Сотто видео-сүрөт тартууга тыюу салынгандыктан түз эфирде аудиожазуу жүргүзүлүүдө)
09:40. Сот башталды. Отурумга экс-президент Роза Отунбаева да келди. Ал күбө катары маалымат бермекчи.
10:00. Соттук отурумда жактоочу Канат Хасанов экс-президент Роза Отунбаевадан негизги күбө катары маалымат алууну суранып, ал башка өлкөгө жумуш сапары менен кетип жатканын айтты.
Отунбаевага сөз берилгенде ал төмөнкүнү айтты. "Мен жөнүндө кеп болуп жатат, мен күндө сотко келбейм. Мен иш сапарга кетип жатам. Күндө эле келе албайм. Сиз жаш сот экенсиз, өсүңүз. Жогорку Сот болуңуз. Бул жерде биздин жолдоштор отурат. Биз да ошондо жаңы турмуш үчүн күрөшкөнбүз. Бирок бүгүнкүдөй мыйзамсыз соттор болот деп ойлогон эмеспиз. Бул кантип болсун, урматтуу сот, ушул сот адилеттүү болсун. Биз такыр башка турмуш үчүн күрөшкөнбүз. Ошонун жыйынтыгы менен сиз судья болуп, прокурорлор прокурор болуп отурасыздар. Мен да ушул жерде президент болгом. Айтканга акым бар. 2010-жылдын 12-13-май күндөрү абдан оор болгон. Ошондуктан сизге кайрылам. Бул сот адилеттүү болсун. Бул күндөр да өтөт. Кийин сиз өз уятыңыз менен каласыз", - деди Отунбаева.
10:06. Сот Отунбаеванын бүгүн күбө катары өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок. "Азыр териштирүүгө өтө элекпиз, ошондуктан азыр күбөлөрдү сураганга эрте. Ошондуктан күбөлөр залдан чыгып туруңуздар", - деди судья. Отунбаева залдан чыгып кетти.
10:10. Жактоочу Жакупбекова 2010-жылдын 12-13-14-май күндөрү Текебаев Маматкеримов жана Маевский менен жолукпаганын айтып, буга бир катар саясатчылардан турган күбөлөрдү суроо боюнча мүмкүнчүлүк берүүнү сурады. "Күбө катары Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрүн суроого мүмкүнчүлүк бериңиз", - деди Жакупбекова.
10:15. Өмүрбек Текебаев: "Тергөөчү ар тараптуу иликтеш керек. Жактоочу айыпталуучунун да актоочу жактарын да караш керек. Биздин тергөөчү муну бизден сураган жок. Бизден болгону бир жолу сурап, Маевскийден, Абдрахмановдон үч-төрт жолу сурап, айыбы ачылып калганда оңдоп, бизге тааныштырбастан тергөө иштерин сотко жиберди. Мен жактоочу айтып жаткан күбөлөрдү чакырууну колдойм жана бул тизме дагы көбөйөт деп айтам", - деди Текебаев.
10:20. Текебаев менен жактоочу президент Алмазбек Атамбаевди экинчи ирет сотто күбө болууга чакырды. Бирок прокурорлор бул саясий ишке айланып кетиши мүмкүн экенин айтып четке кагууну сурады. Судья Текебаевдин өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.
10:30. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов ишти кароону убактылуу токтотуп, материалдарды кайра УКМКга жиберип, Текебаевдин президенттик шайлоого катышуусуна шарт түзүп берүү боюнча өтүнүч берди. Бирок сот буга макул болгон жок.
10:45. Котормочу тергөө иштерине катышуудан баш тартты. "Сот отурумдары мамлекеттик тилде болгондуктан менин катышуумдун зарылчылыгы жок" деди ал. Сот тараптардын пикирин угуп, тыныгуу жарыялап кеңешме бөлмөсүнө кетти.
11:20. Соттук отурум тыныгуудан кийин башталды. Котормочунун иштен баш тартуу боюнча өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.
Жактоочу Канат Хасановго сөз берилди. “Мен өткөн процессте залдагы видеокамераларды алуу боюнча өтүнүч бергем. Сиз аны канааттандыргансыз. Бирок кийинчерээк сиз өтүнүчтү канааттандырган эмесмин деп айттыңыз. Бирок залдагы аудиожазууларда жазылган. Соттук протоколдордо бул өтүнүч көрсөтүлгөн эмес. Демек, сот катчылыгынын бул иште кызыкчылыгы бар деп айтууга негиз бар. Мен катчыны алмаштыруу боюнча өтүнүч келтирем", - деди Хасанов.
11:28. Сот тараптардын пикирин сурады. Мамлекеттик айыптоочулар бул өтүнүч негизсиз экенин айтты. Сот кеңешме залына кирип кетти.
12:03. Соттук отурумдун катчысын алмаштыруу боюнча жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган жок.
12:08. Соттук териштирүүгө жактоочулар Жумашевдин жана Афиджановдун катышуусуз өтүү боюнча маселе каралды. Жактоочулар эки адвокат катышуусу зарыл деген пикирде. Прокурорлор өтүнүчтү четке кагууну сурап, судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Судья саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.
14:05. Текебаев менен Чотоновдун соту түшкү тыныгуудан кийин башталды.
14:15 Соттук отурум улантылып жатат. Учурда мамлекеттик айыптоочуларга сөз берилди. Текебаев менен Чотоновго айыбы угузулуп жатат.
“Текебаев 303-берене менен айыпталат. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп туруп, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Чотонов жана Модин, Маматкеримовдор аркылуу тил бириктирип, ыйгарым укуктарынан пайдаланып, “Альфа Телекомду” башкаруу функциясы жана анын акцияларынын бир бөлүгүн, карамагына алып берүү үчүн Маевскийден 1 миллион доллар алган. Бул иште ортомчулукту Модин жүргүзгөн", - дейт айыптоочу.
14:40 Мамлекеттик айыптоочу соттолуучулардын айыбын орус тилинде угузган соң Текебаев котормочу ушул айыптын баарын кыргыз тилинде баяндап берүүсү үчүн жарым сааттан ашык убакыт сурады. Сот Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Айыптоочу окуган өкүмдүн баарын кыргыз тилинде котормочу кайрадан окуп берип жатат.
15:00 Котормочу мамлекеттик айыптоочунун баянын кыргызча угузууда. "Текебаев "Альфа Телекомдун" башкаруусуна Маевскийдин ишенимдүү адамдарын киргизүү милдетин өзүнө алып, акцияларды сатып алуусуна шарт жаратып берүүнү убада кылган. Бул үчүн 1 миллион доллар сыйлык акы сураган.
2010-жылы 10-майда Маевский Бишкекке келип, Модин аркылуу Чотонов менен бирге Текебаевдин иш бөлмөсүнө киришкен. 27-июлда 2010-жылы Маевский чечим кабыл алып, Бишкекке сумкага салып алып 300 000 доллар көтөрүп келген. Модин Маматкеримовго Маевскийден келген акчаны жеткирип берген. Текебаев 300 000 долларды Маматкеримов аркылуу алган. 2010-жылдын 1-сентябрында Текебаев Москва шаарына барып, убадаларды ишке ашыруу үчүн калган 700 000 долларын берүүсү керек экенин айткан. Ошол эле күнү кайра Бишкекке кайтып келгенден кийин Текебаевдин ишенимдүү адамы барып 700 000 доллар алып келген.
2010-жылдын 30-сентябрында Текебаев, Чотонов, Модин, Маевский төртөө жолугуп бул убадаларды ишке ашыра албай калганын айтып, алган 1 миллион долларды кайра кайтарып берерин айткан. 2010-жылы 27-июлда Маевский Бишкекке келип, Текебаевдин иш бөлмөсүнө киргенде ал акчасын кайтарып бербей турганын айткан. Эгер бул боюнча маалымат бериле турган болсо, Маевскийге карата коркунуч жаралышы мүмкүн деп коркуткан".
15:09 Мамлекеттик айыптоочулар соттолуучулардын айыбын угузгандан кийин сот отурумду 27-июнга калтырды.
15:11 Текебаев менен Чотоновду сот залынан алып чыгып кетишти.