Бүгүн,13-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралууда. Жактоочулар соттук отурумда күбөлөргө берген суроолорунан улам прокурорлордун калыстыгынан шек санап, аларды алмаштыруу боюнча өтүнүч берди. Бирок сот тараптардын пикирин угуп прокурорлорду алмаштыруу боюнча өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.