Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча соту уланууда. Учурда иш материалдардын 5-тому окулуп жатат. Анда учурда "Нур Телеком" компаниясынын юристи болуп иштеген Руслан Оңолбековдун көрсөтмөсү да камтылган.
Оңолбековдун көрсөтмөсүндө ал Текебаевге 500 миң евро орусиялык ишкер Леонид Маевский тарабынан берилгенин маркум Талант Маматкеримовдон укканын, кийин 1 миллион доллар берилгени тууралуу ЖМКлардан окуганын айткан.
Сот залында Текебаев Оңолбеков Маевскийдин жакын адамы болгонун белгиледи. Анын билдиришинче, 2010-жылдын 1-сентябрда Оңолбеков менен Маевский бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшүшкөнү документтерде бар. "Экөөнүн телефондук сүйлөшүүлөрүндө "Мегакомдун" айланасындагы соттук иштер тууралуу гана сүйлөшүшкөнү документте камтылган", - деди Текебаев.
Анын жактоочусу Канат Хасанов Оңолбеков 500 миң еврону Маевский Текебаевге бергенин билбей турганын айтканын белгиледи. "Ал сотто берген көрсөтмөсүндө акчанын берилгенин билбейм деп айткан. Далилдеген эмес", - деди жактоочу Хасанов.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.