Кеңешбек Дүйшөбаев: "Мегакомдун" айланасындагы иштерге Текебаев менен Чотоновдун тиешеси болсо ошол учурда чара көрмөкпүз"

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы УКМКнын жетекчиси катары Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага коомдук абал боюнча жана эмне иштер аткарылып жатканы боюнча тынымсыз маалымат берип турганы тууралуу айтты. Анын билдиришинче, "Мегакомдун" айланасындагы окуялар тууралуу да маалыматтар текшерилип, ага тиешеси бар болгон ар бир адам жөнүндө да маалымат берилип турган.

"Ал учурда бийликтен кеткен тараптын коомдук абалды курчутууга таасир этүү аракети күч болчу. Бул боюнча тынымсыз маалыматтарды Роза Отунбаевага берип тургам. "Мегакомдун" айланасындагы окуяларга тийиштүү адамдар да текшерилип, маалымат жеткирилип турган. Бирок Текебаев менен Чотонов алардын арасында жок болчу. Болгон болсо дароо чара көрүлмөк", - деди Дүйшөбаев.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан