Бүгүн, 31-июлда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралды. Отурумдун башында жактоочу Чынара Жакупбекова буга чейинки отурумдардын жүрүшүндө жазылган стенограммаларды материалдарга тиркөө өтүнүчүн келтирди. Бирок сот Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырган жок.
Учурда Текебаев менен Чотоновдун сотунда тергөө маалында чогултулган материалдардын 3-тому каралууда. Экөөнүн үстүнөн жалпы 8 томдуу материал жыйналган. Сот Эрнис уулу Маевский менен Модиндин кайсы убакыттарда Бишкекке келишкенин аэропорттон алынган документтерге таянып, окуп берүүдө. Модин 2010-жылдын 28-мартында Бишкекке келип, 23-апрелде Москвага учкан. Кийин 26-майда кайра Бишкекке келген. Ал Бишкек-Москва каттамдарында эки өлкө ортосунда бир нече жолу учкан. Анын бардык учуулары V.I.P каттамдарда катталган.
"Модин 2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында Кыргыз өлкөсүндө болбогондугу аэропорттон алынган учуулардын расмий билдирүүсүндө аныкталып жатат. Кылмыш ишинде болсо 21-декабрда мени менен иш бөлмөмдө жолугушуу өткөргөн деп турат. Ошондуктан протоколго киргизип коюуңузду өтүнөм", - деди сотко Текебаев.