Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары сотту чакыртып алуу маселесин көтөрүштү

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Анда 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаев, экс-депутат Феликс Кулов күбө катары көрсөтмө беришти. Аталган күбөлөр Текебаев 2010-жылдын 13-майында өлкөдө мыйзамдуулук, тынчтык орнотуу боюнча бир катар маанилүү жыйындарга катышканын ырасташты.

Белгилүү болгондой, Текебаев "2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский менен жолугушуп "Супара" эс алуу жайында "Мегаком" боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн" деп айыпталууда. Соттук отурумда адвокаттар күбө катары Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди чакыруу өтүнүчүн келтиришип, сот Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү дароо четке какты. Мындан кийин адвокаттар сотту чакыртып алуу маселесин көтөрүштү. Буга чейин адвокаттар тарабынан 4 жолу сотко ишенбестик көрсөтүлгөн. Соттук отурум саат 14:00дө уланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-07-13 12:35:24
Мыйзам бузулуп эле жатат окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан