Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик жактоочу Элмира Чоноева Текебаев менен Чотоновдун ишинде көрсөтүлгөн 55 далилдин баары такталбаган, жалган дооматтар экенин айтты.
"55 далилдин арасында Азат Базаркуловдун да көрсөтмөсү бар. Анда Базаркулов: "Маматкеримовдон уккам", "божомолу боюнча", "оюм боюнча" деген көрсөтмөсү далил болуп көрсөтүлгөн. Бул "уктум", "ойлойм" деген сөздөр далил болбойт. Иште дагы бир далил катары Абдрахмановдун көрсөтмөсү бар. Ал сотто "акча тууралуу эч нерсе билбейм" деп көрсөтмө берип жатат. Бул далилдер мыйзамды одоно бузуу менен киргизилген. Маевскийдин арызын мен "жалган арыз" деп эсептейм. Маевскийдин көрсөтмөлөрүндө дал келбөөчүлүктөр бар. Айыптоо корутундусунда көрсөтүлүп жаткан 55 далилдин бири да аныкталбаган жалган дооматтар. Ошондуктан сот, калыс болуп, адилет чечим кабыл алып берүүңүздү сурайм", - деди Чоноева.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.