Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда Текебаев өзүнүн 3 жактоочусу тең ооруп калганын айтып, отурумду башка күнгө жылдырууну сурады. Бирок ага сот макул болбой, нөөмөттөгү жактоочунун катышуусунда ишти улантууну чечти. Ошол учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик келип чыкты.
Өмүрбек Текебаев: – Мени мыйзамдын атасы деп коёт. Айылдан келген бир баланы ушинтип алдасаңар болот. 45-берененин 4-бөлүмүндө "сот жактоочуну өзү каалап дайындайт" деген жери жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам качан берилиши керек экенин мен жазгам. Окуп, кичине уялып койсоңор боло. Кайсы жеринде "сот дайындайт" деп турат. 45-беренени мага окуп берчи?
Айбек Эрнис уулу: – Мен сизге ар бир беренени окуп берүүгө милдеттүү эмесмин.
Ө: – Чечимди окуңуз, 45-берененин 4-бөлүмү мына мен окуп берейин.
А: – Кереги жок отуруңуз!
Ө: – Анан кантип эми бул адвокат мени коргойт. "Түнкү саат 11ге чейин иш менен тааныштым" дейт. Мени менен жолукпаса, кеңешпесе...
А: – Текебаев, отуруңуз!
Ө: – Мен бул адвокат менен иштебейм. Бул менин Конституциялык укугум. Адвокатты мага эч ким өзүмдүн адвокатымдай таап бере албайт.
А: – Отуруңуз!
Ө: – Менин жактоочуларым келмейинче сот өтпөөсү керек.
А: – Эгерде менин чечимиме макул болбосоңуз, Жогорку Сотко даттанууга укугуңуз бар.
Ө: – Качан берем?
А: – Соттук иштин аягында бересиз.
Ө: – Иштин аягында мен Сотторду тандоо кеңешине барып мандатыңды алам.
А: – Менде мандат жок.
Ө: – Кызматыңды алам, өзүңдү жоопко тартам.
А: – Сиздин укугуңуз, мен эч нерсе дей албайм.
Ө: – Отуруп алып "өзүм билем" дегендерди көргөм мен.
А: – Отуруңуз!
Ө: – Отурбайм!
А: – Текебаев, отуруңуз!
Ө: – Отурбайм, бул мыйзамсыз.
А: – Эгерде сот залында...
Ө: – Эмне кыласың, 2 жыл кошуп коёсуңбу? 15 жылдан ашыра албайсың. Эмне кыласың, 16 жыл кылып коёсуңбу?
А: – Текебаев, сотту укпасаңыз сот залынан чыгарып коём!
Ө: – Чыгарып кой, өткөрө бер!
Сот Айбек Эрнис уулу конвойлорго Текебаевди залдан чыгарып коюуну айтты.
Текебаев "Өткөрө бергиле, Дүйшөнкул да чыгат" деп залдан конвойлордун коштоосунда чыгып кетти.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен сот Айбек Эрнис уулу 12-июлдагы соттук отурумда да кайым айтышып кетишкен.