Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө Чотонов "Текебаевге 1 миллион доллар берилди" деген маалыматты эч качан укпаганын айтты.
"1 миллион долларды көргөн да, кармаганда эмесмин. "Өмүрбек Текебаев "Маевскийден акча алды" деген сөз бул жалган. Талант Маматкеримов менен 1 миллион доллар тууралуу сүйлөшүү болгон эмес", - деди Чотонов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.