Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана айрым журналисттер киргизилген жок.
Үзгүлтүккө учурап, кайра башка залдан улантылган отурумда жактоочулар прокурор Жахонгир Ботобаевди соттук иштен четтетүү өтүнүчүн келтирди. Сот тыныгуу жарыялап чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.
Буга чейин күбө сүйлөп жатканда прокурор сотко "Күбөгө залдагылар жардам берип жатат, эскертүү бериңиз" деп кайрылган. Андан соң сот залында отурган Канат Азизди конвойлор сыртка чыгарып салган. Буга соттолуучунун тарапташтары нааразы болгон учурда, сот аларды да баарын залдан чыгарып салууну айткан болчу. Залдан эч ким чыкпай коюп, соттук отурум үзгүлтүккө учураган эле.