Кыргыз-казак чек арасында болгон жаңжалды Казакстандын аскер прокуратурасы териштирүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-август күнү саат 19:56 чамасында 20га жакын белгисиз адам чек ара зымын бузуп, Кыргыз өлкөсү тараптан жылкыларды айдап өтүүгө аракет кылышкан.
"Ошол учурда "Жасоркен" чек ара заставасынын аскер кызматкерлери эскертүү иретинде ок атышкан. Бирок 20га жакын адам чек арачыларды көздөй таш ыргытышкан. Мындан улам белгисиз адамдар тарапка атылган ок мыйзам бузуучулардын биринин башына тийген. Ок тийген жаран каза болгон. Ал Жасоркен айылынын Е.Амиртаев аттуу тургуну экени аныкталды. Азыркы тапта чек арачыларга баш ийбей, аларга таш ыргыткандар боюнча иликтөө жүрүүдө", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Ал эми аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги ок чыгарган чек арачыларга карата кылмыш ишин козгоду. Азырынча чек арачыларга таш ыргыткандар табыла элек.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя коңшу өлкөнүн аймагында болгон. Ал жер Кыргыздын чек арасынан алыс жайгашкан жана мыйзам бузгандар Кыргыз жарандары эмес.