Текебаев менен Чотоновдун сотунда иш убактысы боюнча чыр чыгып, сот ишти кароону башка күнгө жылдырды

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары жумуш убактысынын бүткөнүнө байланыштуу соттук отурумду кийинкиге жылдырууну талап кылышты. Мындан улам сот менен жактоочулардын ортосунда кайым айтышуу орун алып сот алардын талабын четке какты.

Текебаевдин жактоочусу сот отурумду саат 18:00гө чейин улантуусу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ага сот жооп катары кээ бир учурда санкцияларды түнкү саат 02:00дө да карагандыгын айтты. Ага жактоочулар "санкцияны кароого болот, бирок отурумду улантууга мүмкүн эмес" дешти.

Кийин соттук отурум уланып сот Текебаевден качан кечки тамакты ичерин сурады. Ал саат 19:00дө деген соң отурумду 19-сентябрга жылдырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baybolot
2017-09-14 18:55:29
Бети жок соттор экен сокур адамга деле тушунуктуу болуп атпайбы бийликтин камчысын чаап атышат позор
+1
abusait
2017-09-14 18:57:55
Пайдалуу иш менен алектенишсе болмок ушулар. Элди тажатып бутушту . Кошуналарга да уят болуп буттук.
-2
OAlmaz
2017-09-14 20:47:00
Аз калды Садыр байке чыдап турун...
+1
admin_superstan
2017-09-15 15:02:43
Farhad.baku, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан