Өмүрбек Текебаев сотто Москвага барганда Маевскийдин унаасын пайдаланганын айтты

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 1-сентябрда Москва шаарына барган Леонид Маевскийдин унаасын пайдаланганын айтты.

"Бишкектен учуп барганда эле аэропорттон Маевский өзү тосуп алып, барчу жерлерге жеткирип турган. Орусиянын мамлекеттик Думасына анын унаасы менен баргам. Ал жакта жолугушуулар ойдогудай болбой калган. Мындан улам ошол эле күнү кайра Бишкекке учуп келгем.

Ал учурда Убактылуу өкмөттүн мага койгон миссиясы аяктап, мен күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого карата партиянын иштери менен алектенип жүргөм. Ошондой эле Түркияга, Кытайга да барып тааныш ишкерлердин колдоосу менен жолугушууларды өткөргөм. Ал жактан дагы алардын унааларын пайдалангам", - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adambol
2017-08-07 11:01:14
анан анан.... албайм десем озу берген....
-7
Osh_3000
2017-08-07 11:09:50
Текебаев акырын моюнга алып жатат окшойт.
0
jbolotov
2017-08-07 11:20:41
Закон азыр жонокой адамдарга эле иштеп калган, мисалга алсак Текебаев Маевскийди даже тааныбайм деген тааризда суйлогондой болгонун уксам керек эле адашбасам, эми машинасын пайдаланганым ырас деп атат. Жогорку кызматта иштеп калгандар законду тоготбой бирдеме болсо эле Мен тааныбайм, бул пиар деп калган эле.
+3
Leilektik
2017-08-07 11:47:06
Теке москвага барып бир сузуп еле 1миллион долларды алып келген бирок аны эчким коргон емес уккан емес доказательство жок ошол учун Теке коркпой уркпой соттун ,прокурорлордун,Маевский,модиндердин ашмалтайын чыгарып жатат акталып чыгат Текебаев аз калды лично менин оюм
+3
Snejana
2017-08-07 15:20:16
Leilektik,оозуна май! Акталып чыгат, аз калды
0
admin_superstan
2017-08-07 14:26:50
zevs, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
bakulya2015
2017-08-07 21:40:37
Мадумаров,Ташиев,Торобаев,Келдибеков биригиптирго талкуу жабык экен бирок эк жакшы жанылык болуптур.
+1
tular
2017-08-07 23:39:30
bakulya2015, эмнеси жакшы ошолордун бириккендери?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан