Текебаев менен Чотоновдун соту жактоочу келбей калганына байланыштуу башка убакка жылдырылды

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок отурумга Чотоновдун жактоочулары келбей калганына байланыштуу отурум саат 14:00гө жылдырылды.

Айта кетсек, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Алардын жактоочулары соттун чечимине нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madrid7000
2017-09-21 12:03:30
Сокенердин жарнамасында сотторго ишенебиз деп журду беле калп айтпасам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан