Өмүрбек Текебаев: "Маевский, Модин жана Абдрахмановдун жооп берер күнү алыс эмес"

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев "Маевский, Модин жана Абдрахмановдун жооп берер күнү алыс эмес" деди.

"Леонид Маевский башында Өмүрбек Абдрахманов жана мен болуп үчөөбүз "13-майда жолугуштук" деп айткан. Абдрахманов бул учурда АКШда болгонун билгенден кийин жолугушуу декабрда болгонун айтып баштады. Дүйшөнкул Чотонов экөөбүз башында кандай көрсөтмө берсек, өзгөртпөй келе жатабыз. Алар жалган көрсөтмө берип жатышат. Бул жерден аман-эсен чыгып алсак, алардын жооп берер күнү алыс эмес", - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nemo2016
2017-08-07 13:00:45
Жооп берсин
+7
kriss120
2017-08-07 14:14:10
Озунун чыгышы кыйынболтатко азыр
0
Tolkun555
2017-08-07 14:48:44
Чыгышын кыйын го Теке Атамбаев созундо туруп кетеримде кобуну ала кетем деген убадасыны аткарса молодец дейм.
-1
Snejana
2017-08-07 15:12:48
Эхх! Бул кундор дагы отот... али коп киши жооп берет; бул эч нерсе эмес, Кудай алдында кандай жооп беришээр экен. Соттордун инсандык абийири кандай абалда болуп атты экен, журоктору ооруп атса керек, же АКЧА" деген балээ кор, дулой кылып койгонбу. Текебаевди ушундай абалда калтырышты, а карапайым адамдарды сыздатып гана атышат го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан