Казактын Кыргыз бажысы боюнча олуттуу сынын депутаттар "байкамаксан" болушту

Кечээ, 25-октябрда Арменияда Евразиялык экономикалык союздагы өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өттү. Анда Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев (сүрөттө солдо) Кыргыздын Бажы тармагын сындап, Кытайдан товар импорттоого кеӊири жол берип жаткан Кыргыздын айынан ЕАЭБдин башка мүчөлөрү зыян тартып жатканын айтты. Сагинтаев Кыргыздын Кытайдан товар импорттоо жаатындагы статистикасы менен Кытайдын статистикасында ири айырмачылык чыгып жатканын билдирди.

"Кыргыз мамлекетинен башка ЕАЭБдеги бардык өлкөлөр Кытайдан товар импорттоону азайтты", - деди Казак премьери. Бул альянста теӊата статуска ээ Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу айыптоо.

2017-жылдын башында Өмүрбек Текебаев парламенттен Казактын Кыргызды ЕАЭБдин талаптарын сактабай жатат деп күнөөлөп келерин айткан.

"Бизге казактар менен орустар ишенбей жатышат. "ЕАЭБге киргениӊер менен жашыруун жолуӊар бар. Жердеги жол менен, авиа жол менен бизге контрабандалык товарларды киргизип жатасыӊар" деп тар сүйлөшүүлөрдө президентибиздин бетине айтып эле жатышат. Билбесеӊер, билип койгула", - деген Текебаев.

Текебаевдин сөзүн арадан бир нече айлар өткөндөн кийин Казакстандын өкмөт башчысы жогорку деӊгээлдеги расмий жыйында ырастады.

Казак өкмөтүнүн айыптоосунан кийин маселе бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында көтөрүлөт деп күткөндөр бар эле. Жыйын учурунда интернет колдонуучулары социалдык тармактарда депутаттарды Бажы маселесин көтөрүүгө чакырып жатышты.

Бирок жыйындын 1,5 саатка созулган "Ар түрдүү маселелер" түрмөгүндө Бажы маселеси, анын абалы жөнүндө такыр сөз болгон жок. Адаттагыдай, депутаттар аймактардагы эски мектеп, бузулган көпүрө өӊдүү чарбалык түйшүктөргө көбүрөөк токтолушуп, Кыргыз-Казак кризисин үстүртөн сөз кылып, ал эми "чек ара ачылбай жатканынын себеби" деп Казак тарап Кыргыз өкмөтүнө айткан сынды эл өкүлдөрү эмнегедир байкамаксан болушту...

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан