Жергиликтүү дыйкан-фермерлердин чек арадан Казакстанга өткөрө албай турган азыктарын сактап калуу үчүн тез арада Өзбекстан жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керек. Мындай пикирин бүгүн, 27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев 12 өлкөнүн жаңы элчилеринин ишеним грамотасын кабыл алгандан кийин айтты.
Өлкө башчысы Евразия экономикалык биримдигине ишенүүгө болбой калганын белгилеп: "Өкмөт Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн продукцияны башка өлкөлөргө алып чыгуунун жолдорун издеп, сүйлөшүүлөрдү башташы керек деген тапшырманы бергем", - деди ал.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга токтолуп, Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенде андан көптү үмүт кылып алганын, эми бул уюмга ишенбей калганын айтты. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин, бирок ЕАЭБ бир кишиге көз каранды уюм болбошу керектигин кошумчалады.
Мындан тышкары Кыргыз өлкөсү дыйкан-фермерлер өндүргөн продукцияны Орусияга темир жол менен жөнөтөрүн айтты. Алмазбек Атамбаев жогоруда аталган иштин баарын кыргыз өкмөтү тез арада жүргүзүшү керектигин белгиледи.