Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар күрткүсү жаралып, жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаралды. Абалды окурман видеого тартып "Элдик кабарга" жиберди.
"Кечээ түндөн бери кар жаап жатат. Таң аткыча жааган кар жарым метрден жогорулады. Жолдо кар күрткүсү жаралып, кыймыл токтоду. Натыйжада 8 сааттан ашык убакыттан бери ашууда турабыз. Ошондой эле унаалардын узун тыгыны пайда болду. Жолго чыгууну пландап жаткан жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга этият болуу керек экенин эскертип коёлу", - дейт окурман.
Ошондой эле ушунча узундуктагы жолду кардан тазалоо үчүн 1 гана грейдер келген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.