Соцтармактарда Сыймык Жапыкеевдин Улуттук илимдер академиясынын алдында сүйлөгөнү тартылган видео тарап жатат.
Анда анын "Кыргызтестке" сынак тапшыруу үчүн келгенин айтканын угууга болот. Жапыкеев видео бүгүн, 21-октябрда тартылып жатканын тастыктап сүйлөгөн.
Буга чейин ал президенттик шайлоого катышуу үчүн кыргыз тилинен сынак тапшырып, өтпөй калган. 19-октябрда ал тынчтыкты бузууга айыпталып милицияга жеткирилгени маалым болгон. Жапыкеев себепсиз кармалып турганын, ал күнү тест тапшырмактыгын айтып чыккан.