Биз социалдык тармакта

Ак-Суу районунда жарандык коргонуунун абалы бааланууда

21-23-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуусунун 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулган.

Анын алкагында жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү менен каражаттарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыгы текшерилүүдө.

Баалоонун жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча усулдук көрсөтмөлөр берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан