Биз социалдык тармакта

"Ырыс Ордонун" чатырындагы түтүндүн келип чыгуу себеби айтылды

Бүгүн, 21-октябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" имаратынын чатырынан түтүн чыкканы көрүнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү саат 12:36да түшүп, жерине куткаруучулар жана атайын техникалар жөнөтүлдү.

Алдын ала маалымат боюнча, түтүн чатырда изоляциялоо (жылуулоо жана коргоо иштери) жүрүп жаткан учурда пайда болгон. Өрт чыккан эмес. Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын такташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан