Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көмүр базаларын текшерди.
Мэрия билдиргендей, бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар. Жалпысынан 38 көмүр кампасы иштесе, болжол менен 27-28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат.
Мэр шаар тургундарын көмүрдү суук түшкөнгө чейин, алдын ала сатып алууга кеңеш берди. Ошондой эле Бишкектеги отканалар даярдалып, жылытуу мезгилине толук даяр экенин кошумчалады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга көмүрдүн запасын жана баасын көзөмөлдөп, жарандарга жеткиликтүү кылып берүү тапшырылды.