Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарында Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев Азербайжандын жаштар жана спорт министринин орун басары Индира Гаджиева менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт маселелерине жооптуу министрлеринин жыйынынын алкагында өттү.
Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын спорт жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Урмат Асанбаев Азербайжан тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин оюндарына катышууга чакырды.