20-октябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери талкууланды.
Эрлист Акунбеков ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууда жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын маанисин белгиледи.
Анын айтымында, агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде Гоар Барсегян Кыргызстандын өндүрүш жана агрардык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого Евразия экономикалык комиссиясы даяр экенин билдирди.
Ошондой эле тараптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорун тандоо жана ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо көрсөтүү механизмдеринин алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.