Бүгүн, 1-январда Бишкекте эл ташыган кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бишкек шаарындагы Гагарин жана Алтымышов көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршруттук кичи автобус оодарылып жатат. "Тез жардам" унаасы турат. Жабыркагандар бар окшойт", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.