Жаңы Зеландиянын тургундары алкоголдук ичимдиктерди ичүү үчүн арал салышты

Жаңы Зеландиянын тургундары алкоголдук ичимдиктерди ичүү үчүн арал салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Жаңы Зеландиянын Коромандел шаарынын тургундары Жаңы жыл майрамында алкоголдук ичимдиктерди ичүү үчүн атайын жасалма арал салышкан.

Шаардын бир нече тургундары коомдук жайда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салган мыйзамды бузуп, айып пул төлөп калбаш үчүн арал салууну ойлоп табышкан.

Кумдан салынып үстүнө атайын отургучтар жана стол орнотулган арал Тайруа дарыясында, жээкке жакын жерде жайгашкан.

Арал "интернационалдык сууларда" жайгашкандыктан арал үстүндөгүлөр эч кандай жоопко тартылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
isabek1977
2018-01-03 12:48:27
Таппасан сыйпалап кал.Кызылала кекиртек , кум аралга секиртет.
+3
Meruet84
2018-01-03 22:14:12
Не дейин эми ,обу жоктук !
0
kansulu
2018-01-04 04:07:00
Мас болуп сууга кулап тушсочу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан