ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарында эки унаа кагышып, бири оодарылып жатат" дейт окурман

Бүгүн, 4-январда Ош шаарында эки унаа кагышып, бири оодарылып жатат. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Касымбеков көчөсүндө сүт азыктарын ташыган Дэу Лабо (Daewoo Labo) менен Ауди 80 үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, Дэу Лабо оодарылып жатат. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда. Жабыркагандар жок окшойт", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ошто эки унаа кагышып, бири оодарылып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2018-01-04 17:46:53
Чалкасынан жатат го Лабо, жакшы эч ким зыян тартпаптыр
0
Adikoo2011.
2018-01-04 18:22:15
Жон эле айдоочулар шашып айдашат эээ
0
Nur_everlast
2018-01-04 20:23:37
Кудай сактасын,эч ким эч нерсе болбосун жараткан өзү ар-кандай кырсыктардан сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан