Сооронбай Жээнбеков Бишкек ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты

Бүгүн, 29-январда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча маалымат алды. Исаков кандай иш-аракеттер болуп жатканын айтып берди.

Жээнбеков премьер-министрдин жарандарга жылуулукту берүүдө маселе жаралганын кылдаттык менен иликтөө чечими туура экенин белгилеп, тиешелүү жыйынтык чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Мындан тышкары президент жакынкы арада үйлөргө жылуулук берилиши керектигин, ооруканаларга, балдар үйлөрүнө, мектептерге жана башка социалдык объекттерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан