Шаар тургундарына жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганына байланыштуу январь айына жылуулук үчүн чыккан төлөмдөр кайра эсептелинет. Бул тууралуу маалыматты "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу шаар тургундарына жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган күндөн тартып чыккан төлөмдөр кайра эсептелинет. Бул иш биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев башында турган атайын түзүлгөн ыкчам штабдын көзөмөлүндө болот.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.