Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үйлөрүндө жылуулук жок, үшүп жаткан тургундарды "Бишкекжылуулуктармагынын" байланыш номерине кайрылууга чакырды.
"26-январда кечки саат 6да Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда утурумдук өндүрүштүк көйгөй келип чыкты. Суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөп, шаардагы айрым үйлөрдүн, кээ бир мекеме-ишканалардын жылуулук менен камсыз болуусун солгундатты. Жылуулук боюнча жаралган көйгөйлөрдү "Бишкекжылуулуктармагы" акционердик коомунун 0312 61-11-69 байланыш номерине кайрылуу менен жеткире аласыздар", - деген ал.
Ошондой эле WhatsApp аркылуу ар бир райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга боло турганын кошумчалаган.
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 552 211;
- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.
Эске салсак, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөгөнү маалым болгон.