Бүгүн, 4-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын башчылыгында 2014-жылдын 15-январынан бери 4 жылдан ашуун убакыт иштеп, кызмат орду Бишкекке которулду. Эске салсак, анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал ошол учурда 25 добуш алып, 19 добушка ээ болгон атаандашы Мелис Мырзакматовду утуп чыккан. 2016-жылы 25-майда Кадырбаев Оштун мэрлигине экинчи жолу шайланган. Мыйзамга ылайык, шаар башчысы шаардык кеңештин тийиштүү чакырылышындагы мөөнөткө шайланат.
Аталган персонанын тегерегинде, өзгөчө Оштун мэри болуп турган кезинде чуулгандуу окуялары көп. Ош облусундагы жарандык активист Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, Айтмамат Кадырбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамдарынын бири болгон. Буга байланыштуу 2016-жылы Курман айтта сүйлөгөн сөзүн эске түшүрүү жетиштүү. Ал “президентибиздин жаңылануу саясатын сындагандарды, эл арасында бузукулук кылып бөлүп-жаргандарды Кудайга койдум, аларды Кудай жазаласын!" деп айткан. Бул окуянын алдында Кадырбаев Кытайдын консулдугу тарабынан берилген Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү жол тандабасты минип жүргөнү коомчулукта сынга алынган. Ошондой эле Кадырбаевдин килем үстүндө трибунада туруп сүйлөп жаткан бир канча сүрөтү коомчулукта кескин сындардын толкунун жараткан эле. Ага чейин кол чатырды өзү кармабай, жанындагы жардамчысына карматып, жамгырдан калкаланганы үчүн элдин сөзүнө калган. Өткөн жылы президенттик шайлоо алдында Кадырбаев талапкерлердин бири болгон Сооронбай Жээнбековго ичик кийгизип жаткан видео интернетке тараган. Бул видео коомчулукта катуу сынга кабылган.
Айтмамат Кадырбаевдин Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштегени дагы айтылып келет. 2010-жылдын май айында бакиевчил күчтөр менен Ош облустук администрацияны басып алып, "элдик губернатор" аталган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, массалык баш аламандык уюштурган деп айыпталган. Ал кийин бул иш боюнча облустук сотто, Жогорку Сотто толугу менен акталганын журналисттерге билдирген.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалган Кадырбаевдин жаңы кызматы да талкууга түштү. Ал кесиби боюнча экономист. Эмгек жолун экономист, башкы эсепчи болуп иштеп баштаган Кадырбаев Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары, 2012-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Ал эми кесипкөйлүктү талап кылган энергетика тармагы боюнча Кадырбаевдин билими да, тажрыйбасы да жок экени анын өмүр таржымалынан эле көрүнөт.
Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо күнү 18-июлга белгиленди. Учурда социалдык түйүндөрдө "Ош шаарынын мэри ким болот?" деген суроонун үстүндө кызуу талкуу жүрүүдө. Коомчулукта бир нече адамдын аты аталууда. Алар: өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов (КСДП), ӨКМнын башчысынын орун басары Давлетбек Алимбеков, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.
"Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболго жооп узаткандардын көпчүлүгү бийликтин алмашуусун негиз кылышты. Эгерде мындай өңүттөн алып караса, анда Бишкек мэрлиги деле узакка барбайт көрүнөт. Эске салсак, 2014-жылы Бишкек жана Оштун шаар башчыларын шайлоо удаа өткөн....
3 жылдан бери бүтпөй жаткан жолдун курулушу боюнча бүгүн Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген келишимди түзүү, алдамчылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду. Текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушунда консультациялык кызмат үчүн каралган бюджеттик акча каражатын мыйзамсыз пайдалануу боюнча схема аныкталган. Жалпы 16 миллион 284 миң сомго негизсиз ашырыла көрсөтүлгөн сумма менен келишимге кол коюлган дейт Башкы прокуратура.
104 чакырымга созулган Балыкчы-Корумду автожолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, "Жер-Үйдөн" түшкөн каражаттын 1 миллиард 410 миллион сому Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга жумшалган. Жолду куруу боюнча өткөн тендерге 4 компания катышкан. Тендерде жол курууга уруксаты жок “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. 2015-жылдын ноябрь айында кытайлык "Лонг Хай" компаниясы куруп баштаган.
Жогорку Кеңеште 2016-жылы Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар менен өткөн деп жыйынтык чыгарган. Ошол кездеги өкмөт жана тендердик комиссия депутаттык комиссиянын чечимин четке каккан. Мындан улам ошол учурдагы транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев тендердеги мыйзам бузуулар боюнча өкмөт башчы Темир Cариевди күнөөлөгөн. Ал эми Сариев Малабаевди жумуштан кетирүү боюнча президентке сунуш берген. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев арызды кабыл алган эмес. Жогорку Кеңештин комиссиясы өкмөт башчыны кызматтан кетүүсүн талап кылган. Мындан улам Сариев маалымат жыйын өткөрүп, кызматтан кете турганын жарыялаган. Жаңы өкмөт курамы түзүлүп, транспорт жана жолдор министрлигине Замирбек Айдаров көрсөтүлгөн. Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткарган Замирбек Айдаров "тендерде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп айыпталып, кийин кызматтан бошотулган. Негизи аталган жол II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин бүтүрүлүшү керек болчу. Бирок быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр өтөйүн деп турат жана жол дагы деле оңдолуп бүтө элек. Жол куруучулар дагы айлык-маянасын өз убагында ала албаганы үчүн бир нече жолу иш ташташкан.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2018-жылы Балыкчы-Корумду жолун оңдогонго 2 миллиард сом бөлүп берүү зарылдыгын, баш-аягы жолду оңдоп аягына чыгарууга 4 миллиард 5 миллион сом керектелерин айткан. Бирок быйылкы жылы аталган жолго бюджеттен 1 миллиард сом каралган жана ушундай темпте уланса, анда курулуш иштери дагы 4-5 жылга созулат. Мындайча айтканда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 6-ирет өткөрүлүшүнө карата аяктап калышы ыктымал. Бирок жогорудагыдай консультациялык кызмат үчүн эле миллиондогон сомдор уурдала берсе, Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун аякташын жакынкы келечекте көрбөй деле калуу мүмкүн...