Айтмамат Кадырбаев Оштун мэрлигинен бошотулуп жаңы кызматка дайындалды (өмүр баяны)

Айтмамат Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кадырбаев Ош шаарынын мэрлигинен бошотулду.

Өмүр баяны:

Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич 1966-жылы 23-январда Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.
1990-жылдардын башында облустук бир мекемеде экономист, башкы эсепчи;
1993-1996-жылдары - "Ош азык-түлүк соодасы" АКсынын инспектору, андан соң директору;
1996-1998-жылдары - Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары;
2000-2001-жылдары - Чүй ОИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери;
2006-2007-жылдары - Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы;
2007-2010-жылдары - Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары;
2012-2013-жылдары - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары;
2014-жылдын 15-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан