3-июлда Айтмамат Кадырбаев Оштун мэрлигинен бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Эми Ош шаарынын мэри ким болору тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Учурда 5 адамдын аттары аталууда. Алар:
1) өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;
2) Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов (КСДП);
3) ӨКМнын башчысынын орун басары Давлетбек Алимбеков (Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);
4) Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимовдун бир тууганы);
5) Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.
Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө жобого ылайык, мэрликке талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештин фракцияларында, фракциялардын коалицияларында жана премьер-министрде бар.
Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтөт. Мэр шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.