АКШнын Түркиядагы элчилигине ок атылды

АКШнын Анкарадагы элчилигинин имаратына белгисиз адамдар тарабынан ок атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00 чамасында болгон. Ак түстөгү жеңил унаадан 4-5 жолу атылган ок элчиликтин күзөтчүлөр отуруучу бөлүгүнүн айнегине тийген. Полиция аталган окуядан жабыркагандар болбогонун билдирип, ок атууга шектүүлөрдү издеп жатканын маалымдаган.

Бул окуя Түркия менен АКШнын мамилеси солгундап турган учурга туш келген. Ушул жылдын 10-августунда АКШ Түркиядан алынып келген алюминий менен болотко бажы салыгын 20 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Дал ошол күнү Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган элди доллардан баш тартууга жана АКШдан чыгарылган электрондук товарларды сатып албоого чакырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардан алынып келген айрым товарларга бажы салыгын жогорулаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
haydarkan
2018-08-20 16:46:15
Кудай сактасын. Бир нерсени баштайткоо АКШ
+5
CEO1
2018-08-20 16:56:33
Бул АКШнын провокациясы болушу мумкун. АКШ урушаарга шылтоо таппай жаткан корунот...
+2
gute
2018-08-20 16:57:42
Туура кылат ок чыгарып түп оту менен жардырып кетсе болмок
+4
Hanzada.sabih
2018-08-20 17:23:03
АКШнын оюну!
+3
meni_kut
2018-08-20 17:37:01
Акш жок болсо дуйно эли озу мн озу тынч жашамак
+3
i1urp
2018-08-20 17:44:50
Бул атайын АКШ менен Турцияны уруштургусу келгендер.
+3
titanik32
2018-08-20 18:12:01
Өлүшөт экен эми бирин бири аткылап.Мындай тирешүү болсо согуш тутанып кетиши мүмкүн.
+2
patiydin
2018-08-20 18:14:19
Акш жакында Бир нерсени корот. Карап тургула. Бул мамлекет озуну дуйно гегомону деп жатат. Акшны жолго сала турган мамлекет бул Россия Жана Кытай.
+4
Atas
2018-08-20 20:42:55
АКШ дуйнолук дегнгеелде 1 чи орунда турат армиясы жагынан экономикасы жагынан АКШ га тен келебиз деп канча мамлекеттер кыйрады ошондуктан турктор ХХХ отура бербейби
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан