Футбол боюнча өлкөбүздүн улуттук курама командасы ФИФАнын жаңы рейтингинде 95-орунду ээледи. ФИФАнын жаңы рейтинги бүгүн, 25-июлда чыкты.
Кыргыз өлкөсүнүн "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарындагы атаандаштары Япония 33-орунда, Тажикстан 119-орун, Мьянма 135-орун жана Монголия 187-орунду ээледи.
ФИФАнын рейтингинин сап башында Бельгия, быйылкы жылдын Америка Кубогунун жеңүүчүсү Бразилия 2-орунда жана Франция 3-орунду ээледи.