Биз социалдык тармакта

Украинада күжүрмөн аскердик абал режими киргизилди

Украинада күжүрмөн аскердик абал режими киргизилди. Аталган буйрукка президент Пётр Порошенко кол койгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, мындай режим 2018-жылдын 26-ноябрынан 2019-жылдын 25-январына чейин уланат.

"Эми аталган буйрукту Украинанын парламенти (Жогорку Рада) колдошу керек. Бул маселе бүгүн каралат. Буга чейин Орусиянын атайын кызматы Украинанын аскер-деңиз күчтөрү чек араны бузуп өткөнүн жарыялаган. Маалыматка караганда, Украинанын 3 кемеси Керч кысыгын көздөй сүзүп келгенде эки өлкө аскерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Натыйжада Украинанын аскерлери колго түшүрүлүп, Орусияда чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Учурда эки мамлекет тең эл аралык уюмдарга кайрылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2018-11-26 20:11:03
Тынчтык эле болсунчу ылайым согуш болбосун!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан