Депутат Чек ара кызматын Бишкектен Баткен облусуна көчүрүүнү сунуштады

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров учурда Баткен облусунда Мамлекеттик чек ара кызматынан ким жүргөнүн сурады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасында учурда аталган кызматтын башчысы жана орун басары жүрөт.

“Казакстан тарап менен мындай көйгөйлөр жок. Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасында көйгөйлөр бар. Мен 9 жылдан бери Мамлекеттик чек ара кызматын Баткен облусуна көчүрүүнү сунуштап келем. Эгерде аталган кызмат ал жакта жайгашса жергиликтүү калк үчүн моралдык жактан жакшы болот. Ал жакта ызы-чуу чыкса бул жактан Баткенге барып баштайбыз. Бул натыйжасыз”, - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasa-kgz
2019-09-17 12:18:14
Оа кочурсундор. Же чек араны чечип беришсин
+3
Sicilya
2019-09-17 13:10:30
Мен колдойм Баткенге кочурсун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан